Бишкекте 41 жаштагы аял дайынсыз болуп изделүүдө

Бишкекте 41 жаштагы Темирбекова Зияда Исманкуловна дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалымдалгандай, милицияга анын эжеси кайрылып сиңдиси ушул жылдын 1-майында Келечек жаңы конушундагы үйдөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келбегенин айткан.

Өзгөчө белгилери: Бою 160-165 сантиметр, арык дене түзүлүштө. Чачы кыска жана ак баскан. Ал психикалык жактан жабыркайт жана экинчи топтогу майып.

Кийген кийимдери: Кара түстөгү кофта, кара түстөгү шым кийип жүргөн.

Кимде ким көрүп билген болсо милиция кызматкерлери төмөнкү номерлерге чалып коюну өтүнөт.

Байланыш телефону: 0 (702) 49-88-88, 0 (704) 85-58-12, 0 (704) 103-102 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан