Америка чемпиондугунда Бишкектик спортчулар дзюдо боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү

Дзюдо боюнча Америка чемпиондугунда бишкектик спортчулар өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, ушул жылдын 27-июлунан 30-июлуна чейин Бишкек шаарынын мэриясынын спорттун күжүрмөн түрү боюнча спорт мектебинин дзюдочулары, Кыргызстандын курама командасынын спортчулары дзюдо боюнча Американын ачык чемпиондугуна (U.S. Open Judo Championships) катышты. Чемпиондук 2003-2005-жылдары төрөлгөн жаштар арасында Форт-Лодердейлде (АКШ) өткөн. Мелдешке 15 өлкөнүн спортчулары катышты.

Спорт чеберине талапкерлер, олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары Жумашев Дастан 73 килограмм салмакта 2-орунду алса, 81 килограмм салмакта Талант Даниел коло медалга ээ болду.

"Мелдештерди эл аралык категориядагы “International referee” судьясы Абдурасулов Азамат - спорттун күжүрмөн түрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору тейледи", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан