Ленин районунун мурдагы акими Русланбек Тагаев №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койду. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.
БШКдан билдиргендей, муну менен талапкерлердин саны 11ге жетти.
Эске салсак, Ленин районунун мурдагы акими Русланбек Тагаев 28-мартта мэрдин жарлыгы менен башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан алынган.
Белгилей кетсек, шайлоо 10-сентябрга дайындалган. Ал эми каттоо 10-августта аяктайт.