Ош облусунун Кара-Суу шаарында заманбап 17 аялдама курулат. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, президентттин өкүлү Элчибек Жантаев Кара-Суу шаарына болгон иш-сапарында шаарды кыдырып, шаарды жана мекеме-ишканалардын айланасын иретке келтирүү, аялдамаларды жаңыртуу, жергиликтүү тургундарга шарт түзүү, кийинки жылга жашыл зоналардын ордун даярдоо тапшырмасын берген.
Ага ылайык, шаар мэри Арстанбек Жолдошов аялдама, тротуар, ички көчөлөрдү, парк жана башка мекеме-ишканалардын айланасын оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүүдө.
Учурда эски аялдамаларды бузуу менен биргеликте мыйзамсыз курулуштардан арылуу иштери аткарылууда.