Кара-Суу районунда мал сатканы базарга кеткен бойдон дайынсыз жоголгон жаран туугандарына байланышка чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Ош ОИИБинен билдиришти.
Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районундагы Большевик айылынын тургуну 1979-жылы туулган Жолдошов Элдарбек Искендербекович 23-июль күнү саат 05:00 чамасында өзү жашаган үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Ал Учкун айылындагы мал базарга 17 баш кой сатканы кеткенин айтып, карындашы Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган.
Аталган окуя боюнча Ош ОИИБине байланышканыбызда дайынсыз жоголгон жаран үй-бүлөсүнө телефон аркылуу байланышка чыкканын билдиришти.
"Үй-бүлөсүнө байланышка чыкканы аныкталды. Бирок кайсы жакта жүргөнү белгисиз бойдон калууда. Кызматкерлер издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Колубузда жетиштүү далил жок болгондугуна байланыштуу азыр так маалымат бере албайбыз", - дешти мекемеден.
Милиция жакынкы арада толук маалымат берилерин белгиледи.