Өлкөдө бир жума ичинде 946 курч ичеги инфекциясы катталды

Өлкөдө бир жумада 1000ге чукул жаран ичеги-карын инфекциясы менен ооруканага кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн аптада 986 ичеги инфекциясы катталып, 1 пайызга азайган.

"Жыл сайын оорунун туу чокусу май-сентябрь айларында болот, тагыраак айтканда, көбүнчө август айларында катталат. Оору жуккандардын 80 пайыздан ашыгы 14 жашка чейинки балдар. Курч ичеги-карын ооруларынын пайда болушунун негизги себеби гигиеналык эрежелердин сакталбагандыгы болуп саналат", - деп билдиришти башкармалыктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан