Бишкекте системалуу түрдө өспүрүмдөргө кол салган жаштар изделип жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, социалдык тармактарда Бишкектин ар кайсы жеринде бир нече жаштар өспүрүмдөрдү сабап, кордогон видеолор тараган.
"Учурда милиция кызматкерлери видеону изилдеп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Мындан тышкары, видеого түшүп калган адамдардын жашаган жерин аныктоо боюнча бардык зарыл чаралар көрүлүүдө", - деп билдиришти Бишкек ШИИББден.
Буга тиешеси бар адамдарга карата мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.