Бишкекте жаштарга жана туристтерге баңгизат сатып жүргөн жаран кармалды (фото)

Бишкек шаарында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн туруктуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда улуттук коопсуздук органдарынын байкоосуна Кыргыз жараны Б.Д.Б. түшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө Б.Д.Б. туруктуу негизде баңги каражаттарын ташуу жана сактоо, ошондой эле аларды Бишкек шаарынын аймагында көбүнчө жаштарга жана чет өлкөлүк туристтерге сатуу менен алектенгени аныкталган.

2023-жылдын 29-июлунда жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында Б.Д.Б. кармалды. Аны жеке тинтүү учурунда өзгөчө ири өлчөмдө – 108 грамм (9 брикет) баңгизаты табылган.

Алынган заттарга соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, брикеттердин курамында каннабиноиддик топко кирген, баңгизаты болуп саналган гашиш бар экенин көрсөткөн.

Кармалган Б.Д.Б. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда баңгизаттардын келип чыгышын, ошондой эле бул кылмышка чогуу катышкан башкаларды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан