Ошто 23 жаштагы келин төрөт үйүнөн чыккандан кийин каза болду

Ош шаардык төрөтканасында 23 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 1-августта Ош шаардык милициясынан тастыкташты.

Маалымдалгандай, 2000-жылы туулган Ош облусуна караштуу Алай районунун Будалык айылынын тургуну ушул жылдын 23-июль күнү көз жарган.

"Келин 29-июль күнү таңга маал эс-учун жоготуп, жандандыруу бөлүмүнө келип түшкөн. Келиндин абалы оорлошуп кан басымы төмөндөп ошол жерден каза болгон. Бул окуя боюнча келиндин ата-энеси, жолдошу жана жакын туугандары эч кимге арыз доосу жок экенин айтып, соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан