Ырчы Арсен менен жубайы Бегимай Абышева жакында уулдуу болушат. Бул тууралуу алар кечээ, 31-июлда Инстаграм баракчасына жарыялашты.
Алар кечээ, 31-июлда "гендер пати" уюштуруп, уулдуу болорун катталуучулары менен бөлүшкөн.
Бегимай Абышева куттуктоолор үчүн баарына ыраазычылыгын билдирди.
"Баарыңыздарга куттуктоолор үчүн рахмат. Мен абдан кубанычтамын. Сиздердин куттуктооңуздарды окуп, телефондон көзүмдү албай отурам. Кудайга шүгүр. Кандай болсо да аман-эсен бололу", - деп жазган жубайы.
Арсен менен жубайы 2018-жылы баш кошушкан. Учурда алар эки кыздын ата-энеси.