Бишкекте батирден 67 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды

Бишкектеги Асанбай кичи районундагы батирлердин биринен 67 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ӨКМнын Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын кызматкерлери Асанбай кичи районунда жайгашкан батирдин бекилип калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 1956-жылы туулган Л.С. аттуу эркек кишинин сөөгү табылып, маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эшик ачууга 5 куткаруучу тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан