Ысык-Көлдө парашют менен учкан эс алуучу чычырканак бадалдарына кулап түштү 

Ысык-Көлдө парашют менен учкан эс алуучу жерге конордо чычырканак бадалдарынын арасына кулап түштү. Окуянын видеосун бүгүн, 1-августта "Короче" телеграм каналы бөлүштү.

"Парашют менен учкандарды жээктен чыгаргылачы. Азыр парашютчу чычырканак бадалдарынын арасына кулап түштү. Жөн гана бир жери тытылган болсо жакшы го. Эгер ага бир нерсе болсо эмне болот эле?" - деген видеонун автору.

Эске салсак, буга чейин 14-июлда Бостеридеги пансионаттардын биринде моторлуу кайыкка чиркелген парашют айланма аттракционго илинип калган. Бактыга жараша, кырсыктан эч ким жабыркабай, парашюттагы эки адамды куткаруучулар жерге алып түшүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан