ӨКМ: "Ысык-Көлдө бороондо калып калган теплоходдо жабыркагандар жок" (видео)

Кечээ, 31-июлда кечинде Ысык-Көлгө саякатка чыккан "Алыкул" теплоходу катуу бороонго кабылып, жээкке 4 жарым сааттан кийин гана кайтып келген. Окуяга тиешелүү күбөлөр тарткан видеолорду бир катар басылмалар бөлүштү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка ылайык, кечээ, 31-июлда саат 18:07 чамасында Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатынан "Алыкул" теплоходу саякатка чыккан. 60 жүргүнчүсү бар кеме 19:15 чамасында жээкке кайтмак. Бирок катуу шамалдан улам көлдө бийиктиги 1-1,5 метрге жеткен толкундар пайда болуп, артка кайтууда тоскоолдук жаралган.

ӨКМ теплоходдун 4 жарым сааттан кийин, тагыраагы 22:40та жээкке аман-эсен кайтып келгенин, андагы жүргүнчүлөрдүн эч кимиси жабыркабаганын билдирди.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан