Бишкекте милиция кызматкери аялдамада кызга ыдык көрсөткөнгө аракет кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта SUPER.KG порталына Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-июлда С.А. аттуу кыз милицияга арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси саат 18:00 чамасында милиция кызматкери Жибек Жолу жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамада ыдык көрсөтүүгө аракет кылганын айткан.
Аталган факты боюнча териштирүү иштери башталып, шектүү катары 1989-жылы туулган Ж.У. аттуу жаран кармалган.
Тийиштүү материалдар Свердлов райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.