Бишкекте 3 күндөн бери изделип жаткан 13 жаштагы Акылай Кубанычбекова аман-эсен табылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, изделип жаткан кыз Ысык-Көл облусунан табылган. Учурда ата-энесинин жанына алынып келинди.
Белгилей кетсек, Кубанычбекова 29-июль күнү Бишкектеги үйүнөн чыгып кеткен боюнча байланышка чыккан эмес.