Ысык-Көлдө катуу шамалда толкун тартып кеткен орусиялык жаран куткарылды

Ысык-Көлдө катуу шамалда жел кайыгы менен жээктен алыстап кеткен орусиялык жаран куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 31-июлда кечинде Ысык-Көл облусунда катуу шамал катталып, көл үстүндө бийиктиги 1-1,5 метрге жеткен күчтүү толкундарды пайда кылган. Бороон учурунда Балыкчы шаарына караштуу жээкте кайык менен сейилдөөгө чыккан З.Г аттуу Орусиядан келген эс алуучуну катуу толкун жээктен алыска тартып кеткен.
"Эс алуучуну куткарууга Балыкчы шаардык №19 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылган. Алар эс алуучуну жээктен 2-3 чакырым алыстыктан табышып, жээкке аман-эсен алып чыгышканы кабарланды", - деп айтылат маалыматта.
Куткаруучулар орусиялык жаранды куткарып калышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан