Адам өлтүрүүгө шектелип, бир канча күндөн бери издөөдө жүргөн казакстандык жаран Бишкектеги мейманканалардын биринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1992-жылы туулган А.Б аттуу казак жаранына “Адамдардын тобу тарабынан жасалган адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган. Ал 17-июлда Алматыдагы белгилүү фитнес борбордун 28 жаштагы машыктыруучусун атып өлтүрүүгө шектелип жаткан. Казак милициясы кылмышка шектүү жаран Кыргызстандын аймагында жашырынып жүрүшү мүмкүн деп божомолдоп, аны табуу үчүн Кыргызстандан жардам сурап кайрылган.
"ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү Бишкектеги жеке менчик мейманканалардын биринен кармалганы белгилүү болду. Алдын ала маалыматтарга караганда ал чек арадан мыйзамсыз өтүп, Кыргызстандын аймагында бир канча күндөн бери жашырынып жүргөн", - деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүү камакка алынганы айтылды.