Баткендин Кадамжай районунда мал уурдоо менен алектенген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кадамжай РИИБине белгисиз жарандар мал уурдоого аракет кылып жатышканы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, 30-июлда милиция кызматкерлери тарабынан Кызыл-Кыя - Ош унаа жолунда бара жаткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү чоң жүк ташуучу унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган.
"Текшерүүдө унаанын ичинен уурдалып бара жаткан 3 баш жылкы жана 3 баш уй табылган. Ал эми кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган Н.А. жана 1989-жылы туулган М.У. аттуу Баткен облусунун тургундары кармалган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүүлөр Кадамжай РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кылмыштын башка катышуучулары изделип жатканы кабарланды.