Сокулук айылында кичи футбол аянтчасынын курулушу аяктап жатат. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, футбол аянтчасын курууга жергиликтүү бюджеттен 4,5 миллион сом бөлүнгөн.
Учурда имараттын 90 пайызы аяктап калды. Аянтча ушул жылдын октябрь айында пайдаланууга берилери айтылды.