Ленин округундагы кайра шайлоо: Биринчи аял талапкер арыз берди

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоодо талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арыз Сооронбаева Нүргүл Момуновнадан келип түштү. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта БШК кабарлады.

Маалым болгондой, муну менен талапкерлердин саны 13кө жетти. БШКга арыз менен төмөнкү талапкерлер кайрылды:

1) Эртай Искаков;

2) Алмаз Аскар уулу;

3) Эркин Булекбаев;

4) Роман Ремнёв;

5) Турсунбай Бакир уулу;

6) Куттубек Асылбеков;

7) Назарбек Нышанов;

8) Сулайман Мамаев;

9) Токтогул Какчекеев;

10) Жаныбек Абиров;

11) Русланбек Тагаев;

12) Бакыт Шаршембиев;

13) Нүргүл Сооронбаева.

Белгилей кетсек, Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jigitaliev95
2023-08-01 21:34:00
Не ошончо депутат жетишпей жатабы пайдасы жок эле депутаттар журот уйкусурап элге пайдасы тийбеген депутаттардын элге кереги жок без полезный депутаттарды эл бакпай эле койсунчу... Балбак тулобаев деген пахтачыны ким депутат дейт анан шапкамы басыыып уялам деген киши дагы депутат болуптур анын эмне кереги бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан