Сосновка постуна орнотулган атайын жабдык эреже бузган 200дөн ашык унааны аныктады

Жайыл районундагы "Сосновка" көзөмөл-өткөрмө постунда 25-июндан бери стационардык аппараттык-программалык комлекс иштеп жатат. Бул тууралуу ИИМге караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган комплекс Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан башка аймактарга чыгып бара жаткан авто унааларды төмөндөгү жагдайлар боюнча текшерүүгө алат:

- Издөөдө жүргөндөрдү

- Айып пулдарын өз убагында төлөбөгөндөрдү жана сотко өткөндөрдү

- Каттоосу убактылуу токтотулгандарды

- Ылдамдыкты ашырып айдагандарды жана башка бардык укук бузууларды аныктайт.

ИИМ билдиргендей, 5-июлдан бүгүнкү күнгө чейин бул стационардык аппараттык-программалык комплекс аркылуу 220дан ашуун ар кандай эреже бузган автоунаалар аныкталып, убактылуу айып аянтчасына токтотулган.

ЖКККББ алыскы жолго чыккан айдоочуларга автоунаанын айып пулдарын өз убагында төлөп, издөөгө же камакка алынып-алынбаганын текшерип, анан жолго чыгуу керектигин эскертет.

Учурда жогорудагы стационардык аппараттык-программалык комплексстерди Кыргызстандын башка аймактарына да орнотуу пландалып жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jigitaliev95
2023-08-01 21:28:00
Камерадан тушкон акчалар каяка кетип жатты экен а кызык дагы эле сыртка чыгып кетип жатабы же мамлекеттин казынасына тушуп жатабы чет элдик компания иштетчу эле трёх ножкаларын коюп алып мыйзамсыз эле жол белгилери жок ылдамдыктын олчому корсотулбогон жерге туруп элди какшатчу эле элдин канын ичип озубуздун эле кыргызбайлар...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан