Дүйнөнүн эң кары адамы делген бразилиялык Сеу Хосе Паулино Гомес каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Ал 28-июлда 127 жаш курагында Минас-Жерайс штатындагы Педра Бонита шаарында каза болгон. Силванын каттоо кеңсесинин маалыматы боюнча, Хосе Паулино Гомес 1895-жылы 4-августта туулган", - деп жазылат маалыматта.
Туугандарынын айтымында, Гомес узак өмүр бою мал чарбачылыгы менен алектенип, ат менен саякаттап жүргөндү жакшы көрчү. Ал ден соолугуна байланыштуу 4 жыл мурун гана ат минүүнү токтоткон.
Гомес туулган күнүнө бир жума калганда каза болуп, дүйнөдөгү эң улгайгандардын сап башын 116 жаштагы испаниялык Мария Бранас Морерага өткөрүп берди.