Казакстанда өз баласын өлтүрүүгө айыпталган адам өмүр бою эркинен ажыратылды

Казакстандын Актөбө облусунун райондор аралык соту төрт жашар Данил Ахуновдун өлүмү боюнча шектелип кармалган адамды өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Маалым болгондой, 2022-жылдын декабрь айында 4 жашар баласынын жүрүм-турумуна канааттанбаган атасы эмоциясын башкара албай, баласынын башына, ичине бир нече жолу урган. Бала алган жаракатынан улам эсин жоготуп, ошол жерде каза болгон.

"Эртеси атасы өзгөчө оор кылмышты жашыруу максатында баласынын сөөгүн ээн жерге көмүп салган", - деп айтылган маалыматта.

Андан соң айыпталуучу полиция кызматына баласынын жоголуп кеткенин айтып арыз жазган. Полиция кызматкерлери менен ыктыярчылар баланы эки күн бою издешкен. Бирок айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, баланын сөөгү көмүлгөн жерди көрсөткөн.

"Сот коомдук коркунучту, жасалган кылмыштын мүнөзүн жана оордугун, аны жасоонун жагдайларын эске алуу менен айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды", - деп жазылган басылмалардын маалыматында.

Белгилей кетсек, соттолуучунун каза болгон баладан сырткары эки баласы бар экени белгилүү болгон. Балдардын апасы энелик укуктан ажыратылгандыктан алар балдар үйүндө тарбияланып келишкен. 2022-жылдын ноябрында атасы келип, балдарын алып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан