Ырчы Съездбек Искеналиев 43 жашын Ысык-Көлдө белгилей тургандыгын айтты

Бүгүн, 2-августта белгилүү ырчы Съездбек Искеналиев 43 жашка чыкты. Съездбек мырзанын өздүк майрамын куттуктап байланышканыбызда, учурда үй-бүлөсү менен Ысык-Көлдө эс алып жүргөнүн айтты.

"Негизи биздин үй-бүлөдө жыл сайын туулган күндү касиеттүү Ысык-Көлдө өткөрүү салтка айланып калган. Бүгүн жубайым Жаркынайдын да туулган күнү. Алгачкылардан болуп туугандарым, кыздарым, балдарым куттукташты. Бүгүнкү күндү туугандардын, үй-бүлөнүн курчоосунда Ысык-Көлдө өткөрөбүз", - деди Искеналиев.

Белгилей кетсек, ырчы мырза 1980-жылы 2-августта Нарын облусунун Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө айылында туулган. 1986–1996-жылдары Кызыл-Дөбө орто мектебин аяктап, 1996-жылы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын кыргыз улуттук аспаптар бөлүмүнө тапшырган. Кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик искусство институтунун менеджер бөлүмүн бүтүргөн.

2000-жылдан кыргыз эстрада чөйрөсүнө аралашып, жеке ырчы катары эмгектене баштаган. Ал музыкалык окуу жайда окуп жүргөндө эле обон чыгаруу менен алектенип, “Өмүр деген”, “Басар жолдо” жана башка ырларын жазган. Ырчы "Селки" ыры менен атактуулукка жеткен. Ырчылыктан тышкары тасмаларда роль жаратып, режиссёрлук жаатында да иштеп келет.

Искеналиев кино тармагында алгач 2007-жылы Эрнест Абдыжапаровдун "Боз салкын" тасмасындагы Мураттын ролун аткарган. Кийин Айбек Дайырбековдун "Жээк" кыска метраждуу тасмасында эпизоддук ролду, "Кайып булак" тасмасында башкы каармандын биринин образын жараткан. Ошондой эле "Карт бойдок", "Беш миң сом", "Аманат" тасмаларына продюсердик кылган.
Бүгүн Искеналиевдин үй-бүлөсүндө кош майрам. Себеби жубайы Жаркынайдын да туулган күнү. Түгөйлөрдүн 3 кызы жана бир уулу бар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан