Ош шаарында "Ата Журттун ажары" сейил бак-аллеясы курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын айланасына салынып, жети облустун жана Бишкек, Ош шаарларынын кереметтүү жаратылышын, кооз жерлерин чагылдырган сейил бак болот.
Белгилей кетсек, аллея Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата бүткөрүлөт.