Беларусь өлкөсүнүн борбору Минск шаарында II КМШ оюндары өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Маалым болгондой, 4-14-август күндөрү өтө турган ири спорттук иш-чарага 24 мамлекеттен 4 миңге жакын спортчу катышат. Мелдеште жалпы 21 спорт түрүнөн 1 672 медаль топтому ойнотулат.
Ага ылайык, спортчулар баскетбол, бокс, грек-рим күрөшү, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү, гандбол, көркөм гимнастика, каратэ-до, жеңил атлетика, кичи футбол, сууда сүзүү, самбо, жаа атуу, тайбокс, ок атуу, оор атлетика, дзюдо, волейбол, кум үстүндөгү волейбол, кум үстүндөгү футбол жана чөп үстүндөгү хоккей боюнча күч сынашышат.
"Мелдеш Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн ортосундагы достукту бекемдөө менен дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи 5-августта Минск шаарындагы “Минск-Арена” маданий-спорттук комплексинде өтөт. КМШ оюндарында Кыргызстандын намысын 17 спорттун түрүнөн 200дөн ашык спортчу коргойт.