Учурда коомчулукта азык-түлүктүн баасы күн санап кымбаттап жаткандыгы айтылууда. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы борбор калаада жайгашкан "Ош базарындагы" азык-түлүк бааларына саресеп салып, соодагерлерди кепке тартып көрдү.
Базардагы соодагерлердин айрымдары азык-түлүктүн баасы бир топ кымбаттаганын айтса, кээ бири учурда баа туруктуу экендигин билдиришти.
Азизбек 15 жылдан бери аталган базарда мөмө-жемиш сатып келет. Ал баалар былтыркыга салыштырмалуу көтөрүлгөнүн айтты.
"Мөмө-жемиштердин бааларында былтыркыга салыштырмалуу өзгөрүү бар. Алма жок болуп жатат, сырттан келген алмалар кымбат. Конок тосо тургандар көп эле алып кетишет, "жегенге албайбыз, айла жок алыш керек" дешет. Кымбат товар деп сатпай койгон да болбойт, биз деле үй-бүлө багышыбыз керек. Эл акчанын күчүн жоголгонун да айтып жатышат", - дейт ал.
15 жылдан ашык убакыттан бери соода кылып келе жаткан Эркинай да азык-түлүк кымбаттаганын айтты.
"Пияз былтыркыга караганда кымбат. Ар кайсы жактан алып келип сатып жатабыз. Өзүбүздүкүн, Бишкектикин сатсак арзандайт эле, түшүм жакшы болбой жатат окшойт. Сабиз деле ошондой, кымбат", - деди ал.
Маалым болгондой, былтыр Өзбекстанга майда мал-жандык адаттан тыш көп сатылган. Мындан улам эттин баасы кымбаттаган эле. Соодагер Максат Мыктыбеков быйыл этти экспорттоо болбогонун, эт арзан сатылып жаткандыгын айтты.
"Былтыр эт чет жакка көп экспорттолгон. Ошого байланыштуу эт кымбаттап кетти эле. Быйыл күн ысык, этти экспорттоо болгон жок, баасы 30-40 сомго арзандап кетти. Жылкыныкы кичине кымбат эле, бирок сойгонго семиз мал жок болуп, жылкынын эти да арзан болуп жатат", - деди соодагер.
"Күрүч дагы кымбаттады. Мисалы, былтыр өзгөн күрүчтөрү 150, 160 болсо, быйыл 200 сомго чейин чыкты. Баткен күрүчтөрү дагы аябай кымбат, 160 сомдон 200 сомго чейин. Канча жылдан бери мындай кымбатчылык боло элек эле. Эл айла жок алышат. Экспорт болуп жатабы же түшүм аз болгонбу биз да билбей жатабыз", - деп билдирди соодагер Махабат.
Ал эми момпосуй, таттуу саткан сатуучулар товарлар туруктуу баада сатылып жатканын айтышты.
Базарда соода кылып жүргөн Нуриза Саматова аз өлчөмдө азык-түлүк алсаң деле көп чыгым кетет деп эсептейт.
"Азык-түлүктүн баасы жылдан-жылга кымбаттап келет. Мурун бирин-экин азык-түлүк алганда көп билинчү эмес. Жакында эле кыркылык өткөргөнгө керектүү азыктарды алганда бааларында бир топ өзгөрүү болгонун байкадык. Чоң акчага кичине эле азык-түлүк келип калат экен. 20-30 сомго кымбаттаса деле көп өлчөмдө алганда көп чыгым болуп кетет экен. Анын үстүнө мурункудай мөмө-жемиштердин башка сорттору да көп эмес", - деди ал.