Бишкекте айдоочу жол жээгинде турган адамды өлтүрө сүзүп кетти

Бишкекте Анкара-Виноградная көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Fit жеңил унаасынын айдоочусу жол жээгинде турган адамды өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, окуя бүгүн таңкы саат 06:30 чамасында катталган. Анда жеңил унаанын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып кетип, жол жээгинде турган 60 жаштагы К.М. аттуу эркек кишини сүзүп кетип, ал жеринде каза болгон.

Учурда унаа айып короосуна киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

"Жолдо жалгыз эле айдоочунун коопсуздугу эмес, айдоочунун жүрүм-турумунан айланасындагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды экендигин жана жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдоону эскертебиз", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан