Чүй облусундагы 205 мектеп лагеринде 8 миңден ашык башталгыч класстын окуучулары эс алышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган аймакта 205 билим берүү мекемесинде башталгыч класстардын окуучулары үчүн мектеп лагерлери уюштурулган. Аларда бардыгы болуп 8 миң 374 окуучу эс алды.
Анын алкагында ар кандай сүрөт сабактары, геометриялык фигуралардан жаныбарларды, адамдарды жана тиричилик буюмдарын жасоо, ошондой эле ден соолукка пайдалуу гимнастикаларды жасоо, оюндар жана сейилдөөлөр камтылган.
Ошондой эле Чүй облусунун 320 окуучусу Ысык-Көлдүн жээгиндеги популярдуу "Алтын балалык" жайкы лагеринде эс алышты.