Баткенде ушул жылдын аягына чейин 10 социалдык объекттин курулушу аяктайт. Аталган долбоорлор АРИС тарабынан ишке ашырылууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, учурда социалдык объекттердин курулушу жүрүп жатат. Алар керектүү жабдуулар жана эмеректер менен жабдылат.
Жыл аягына чейин курулушу аяктай турган объекттердин тизмеси:
- Баткен районундагы Б. Нарматов мектебинин кошумча окуу корпусу;
- Ак-Сай айылындагы "Жакшылык", "Эделвейс" бала бакчалары;
- Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев мектебинин кошумча окуу корпусу;
- Көк-Таш айылындагы "Учкун" бала бакчасы;
- Ак-Сай айылындагы Ходжаев мектеби
- Достук айылындагы орто мектеп
- Достук айылындагы ФАП;
- Достук айылындагы "Бөбөктай" бала бакчасы;
- Чоң-Талаа айылындагы орто мектеп;
- Көк-Таш айылындагы башталгыч мектеп;
Белгилей кетсек, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров жана АРИСтин Марс Наспеков облус аймагында курулуп жаткан иштер менен таанышкан. Алар социалдык объекттерде жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатын камсыздоо зарылдыгын белгилеп, курулушту белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.