Ленин округундагы кайра шайлоо: Дагы эки аял талапкер арыз берди

Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу округу боюнча кайра шайлоого катышууну каалагандардын саны 16га жетти. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, БШКга депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөн Ыргал Кадыралиева менен Ханзада Осмоналиевадан арыз келип түштү.

Ленин району боюнча шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз менен кайрылгандар:

1. Эртай Искаков;

2. Аскар Алмаз уулу;

3. Эркин Бөлөкбаев;

4. Роман Ремнев;

5. Турсунбай Бакир уулу;

6. Куттубек Асылбеков;

7. Назарбек Нышанов;

8. Сулайман Мамаев;

9.Токтогул Какчекеев;

10. Жаныбек Абиров;

11. Русланбек Тагаев;

12. Бакыт Шаршембиев;

13. Нургүл Сооронбаева;

14. Мурат Эсенаманов;

15. Ыргал Кадыралиева;

16. Ханзада Осмоналиева.

Белгилей кетсек, Ленин району боюнча кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт. Талапкерлердин арызын алуу 10-августта аяктайт жана каттоо 20-августка чейин жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан