"Эл үмүтү" стипендиясын алуучулардын тизмеси аныкталды

Президент Садыр Жапаровдун “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссия 2023-2024-окуу жылына талапкерлерди бекитти. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө башчысынын стипендиясына жалпы 17 талапкер бекитилди.

Биринчи окуу жылына талапкерлердин тизмеси:

- Абабакиров Нуршат Абдисаламович – Колумбия университети, АКШ, Эл аралык жана коомдук иштер мектебинин (SIPA) өнүктүрүү практикасында мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;

- Абдинабиева Сапаргул Абдинабиевна – Сассекс университети, “Айлана-чөйрө, өнүгүү жана саясат” программасында гуманитардык илимдер боюнча магистратура;

- Асаналиева Адель Бакытовна – Батыш Австралия университети, биомедициналык илимдер боюнча магистратура;

- Асанова Салия Белековна – Берклидеги Калифорния университети, “Маалыматтык менеджмент жана системалар” программасы боюнча магистратура;

- Ашырмаматов Исламбек – Сеул улуттук университети, фармацевтика илимдери адистиги боюнча PhD.

- Жакыпбекова Бермет – Лондон экономика жана саясат таануу мектеби, социалдык инновация жана ишкердик боюнча магистратура;

- Ибраимов Чынгыз Анарбекович – Инсеад, Сингапур, бизнести башкаруу боюнча магистрдик программа;

- Камчыбекова Мээрим Камчыбековна – Гарвард жогорку билим берүү мектеби/Гарвард университети, дизайн, инновация жана технология боюнча магистратура;

- Кылычбеков Салижан Кылычбекович – Висконсин-Мэдисон университети, АКШ, физика жана кванттык эсептөө боюнча магистратура;

- Осмонова Алина Арслановна – Колумбия университети, АКШ, Эл аралык жана коомчулук менен байланыштар мектебинде мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;

- Сташевская Валерия Алексеевна – Эдинбург университети, “Бизнес-аналитика” багыты боюнча магистратура;

- Тураткан кызы Жанылай – Дьюк университети, “Дисциплиналар аралык маалымат илимдери” боюнча магистратура;

- Якубжанова Хилола Оманжановна – Корнелл университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;

Экинчи окуу жылына талапкерлердин тизмеси:

- Кадырова Айдай Кадыровна – Колумбия университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистрдик программа;

- Шаршенова Альбина Уранбековна – Колумбия университети, өнүктүрүү практикасы боюнча ишкердик башкаруу жаатында магистрдик программа;

- Исаева Эльвира Жумакалыевна – Копенгаген университети (Дания), “Коомдук саламаттыкты сактоо” жаатында PhD;

- Эдилбаев Алмаз Айдарбекович – Техас университети, бизнести башкаруу боюнча магистрдик программа.

Белгилей кетсек, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 10-майындагы № 146 “Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын белгилөө жөнүндө” Жарлыгына ылайык, стипендия таланттуу жаштарды чет өлкөлөрдөн билим алууга шыктандырууну колдоого жана жогорулатууга, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча жаңы муундагы адистерди даярдоо үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан