Белгилүү актёр Аскат Эрбаев кырк жылкылуу болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына актёр өзү билдирди.
"Кызым 3 килограмм 200 грамм салмак менен жарык дүйнөгө келди. Учурда келинчегимдин да, кызымдын да абалы жакшы. Кудайга шүгүр, үчүнчү ирет ата статусуна ээ болуп олтурам. Учурда жакындарыбыз, досторубуз, Кыргыз эли биздин кубанычыбыз менен тең бөлүшүп, жакшы каалоо-тилектерин билдирип жатышат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып алардын ар бирине дагы бир ирет ыраазычылыгымды билдирем", - дейт Эркебаев.
Актёр жубайы менен буга чейин бир кыз, бир уулду тарбиялап келишкен.