Биз социалдык тармакта

Бишкек шаарынын тургунун сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочу кармалды

Бишкек шаарынын тургунун сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 3-декабрында болжол менен саат 16:00дө Дэн Сяопин жана Месароша көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу 21 жаштагы Алтынайды сүзүп, качып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу денесинен ар кандай жарааттарды алган.   

Жүргүзүлгөн бир катар иш-чаралардын негизинде Новопавловка айылынын 34 жаштагы тургуну Залкарбек кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан