Милиция поезддин терезелерин талкалап кеткендерди издөөгө алганын билдирди

Балыкчы-Бишкек багыты боюнча каттаган поезддин терезелерин талкалап кеткендер издөөгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-августта кечки саат 21:15те Кант шаары менен Дмитриевка айылынын ортосундагы темир жолдо, Балыкчы-Бишкек багыты боюнча келе жаткан поезддин "Люкс" вагонунун терезелерин белгисиз жарандар талкалап кетишкен. Бул факты Ысык-Ата РИИБинде каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Учурда милиция окуяга байланыштуу иликтөө иштерин жүргүзүп, шектүүлөрдү издеп жатканын белгиледи.

Бүгүн Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасы маалымат таратып, жогорудагы окуядан поезддин "ВИП" жана "Люкс" вагондорунун терезелери сынып, ошондой эле жөнөкөй вагондун 9-купесинин, жумушчу вагонго өткөн тамбурдун айнектери талкаланганын билдирген.

Окуядан кийин поезд кызматкерлери терезелерди убактылуу скотч менен чаптап, андан ары жолду улантууга аргасыз болушкан. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Аkjol18
2023-08-03 07:01:00
Чыгымдарды төлөтүп, элге жарыя кылып көрсөтүп. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек. Башкаларга сабак боло тургандай кылып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан