Издөөдө жүргөн өзбекстандык жаран Ош шаарынан кармалды

Өзбекстанда издөө жүргөн жаран Ош шаарынан кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалымдалгандай, кармалган жаран 1982-жылы туулган П.Ф. аттуу Ташкент шаарынын тургуну болуп саналат. Шектүү 2022-жылы 21-октябрда мекендешинен 158 миӊ доллар алып, изин жашырып кеткен.

Бул боюнча шектүүнүн үстүнөн былтыр августта Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 168-беренеси менен кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган. Ташкент шаарынын Уч-Тепе райондук соту тарабынан шектүүнү кармаган учурда камакка алуу боюнча алдын ала, сырттан өкүм чыккан.

Шектүү Ош ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу жайга киргизилди.

Аны өз ара келишимдер жана мыйзам талабына ылайык кылмыш жасаган жерине өткөрүп берүү боюнча тараптар сүйлөшүп жаткандыгы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан