Кыргызстандык дзюдочулар кадеттер жана өспүрүмдөр арасындагы Азия кубогунда эки медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Белгиленгендей, Азия кубогу 27-июлдан 30-июлга чейин Ташкент шаарында өткөн.
Мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Грузиянын курама командалары катышты.
Кадеттер арасындагы турнирде 52 килограммга чейинки салмак ченинде коло медалды 15 жаштагы Айдай Какитаева жеңип алды.
Дзюдо боюнча спорт чебери Эржан Канатбеков 5 беттеш өткөрүп, өспүрүмдөр арасында 81 килограмм салмакта күмүш медаль тагынды.
Мелдештин жыйынтыгы менен Кыргызстандын кадеттер курама командасы жалпы командалык эсепте 3-орунду, ал эми өспүрүмдөр курамасы 6 команданын ичинен 2-командалык орунду ээледи.