Москвадагы “Кыргызстан” соода-көргөзмө борбору оңдолууда

Москвадагы “Кыргызстан” соода-көргөзмө борбору жакында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы бидирди.

Ага ылайык, Москва шаарында жайгашкан (ВДНХ) “Кыргызстан” соода-көргөзмө борборунун имараты толугу менен оңдоп- түзөөдөн өтүүдө.

Бул жерде, мурдагы союздаш өлкөлөргө таандык павильондор бар. Кыргызстандан башкасы качан эле оңдоп, ар бир мамлекет өздөрүнүн улуттук-маданий борборуна айлантып алышкан.

Мындан бир топ жыл мурда “Кыргызстан” соода-көргөзмө борборун кыргызстандык ишкерлер инвестиция салып оңдоп, кызмат көрсөтүүчү маданий жайга айланткан.

Тилекке каршы, 2016-жылы инвестор менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосунда ажырым болуп, кайрадан талкаланып, ушул кезге чейин кароосуз турган”, – деп жазылат маалыматта.

Кошумчалангандай, имаратты президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кыргыздипсервис" ишканасы тейлейт. Бул жай Москвада жүргөн кыргызстандыктар чогулган маданий жайга айланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан