Дональд Трамп 500 жылдан ашык убакытка эркинен ажыратылышы мүмкүн

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка жаңы айыптар тагылды. Бул тууралуу Deutsche Welle басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, бул жолу АКШнын Юстиция министрлиги Дональд Трампты 2020-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын талашууга мыйзамсыз аракет кылган деп айыптады. Атайын прокурор Жек Смиттин айтымында, 2021-жылдын 6-январында Капитолийге кол салууга Трамптын калпы себеп болушу мүмкүн.

"2021-жылдын 6-январында биздин өлкөнүн Капитолийине болгон чабуул америкалык демократиянын персонификациясына болуп көрбөгөндөй кол салуу болду. Айыпталуучунун калпы АКШ өкмөтүнүн негизги функциясына – президенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу жана тастыктоо процессине кийлигишүүгө багытталган", - деди Смит.

Белгилей кетсек, бул Трампка каршы үчүнчү кылмыш иши. Америкалык маалымат каражаттары эгер ал үч иш боюнча тең күнөөлүү деп табылса, анда АКШнын экс-президенти 561 жылга абакта отурарын эсептеп чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан