Легендарлуу 45 жаштагы дарбазачы Жанлуиджи Буффон карьерасын жыйынтыктады

Белгилүү италиялык дарбазачы Жанлуиджи Буффон карьерасын жыйынтыктай турганын жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта чет элдик спорт басылмалары жазды.

"Мына эми бүттү достор, силер мага баарын бердиңер, мен силерге баарын бердим, биз муну чогуу жасадык", - деп жазган ал инстаграм баракчасына.

45 жаштагы голкипер карьерасын 1995-жылы Италиянын "Парма" клубунда баштаган. 2001-жылы "Ювентуска" өтүп 17 жыл бою туриндик команданын катарында оюн көрсөткөн. 2018-2019-жылдары франциялык "ПСЖ" клубунда бир жыл оюн алып барган. 2019-жылы кайра "Ювентуска" кайтып келип 2021-жылга чейин ойногон. Ал эми 2021-жылы спорттук карьерасын баштаган "Парма" клубуна кошулуп, бүгүнкү күнгө чейин оюн көрсөтүп келген.

Легендарлуу дарбазачынын жетишкендиктерине кайрылсак, алгачкы клубу "Парма" менен Италия Кубогун, Италия Супер Кубогун жана УЕФА Кубогун жеңип алган. 20 жылга жакын өмүрүн арнаган "Ювентус" менен бирге 10 жолу Италия чемпиондугун, 5 жолу Италия Кубогун жана 6 ирет Италия Супер Кубогун уткан. Ал эми "ПСЖ" клубунда өткөргөн 1 жылда Франция Супер Кубогун жеңип, Франциянын Биринчи лигасынын чемпиону болууга жетишкен.

Ал эми Италия улуттук курама командасынын катарында Буффон 21 жыл (1997-2018) оюн өткөргөн. Бул аралыкта ал бир катар жеңиштерди багынткан. Алардын эң маанилүүсү 2006-жылдагы Дүйнө чемпиондугу. Германияда өткөн Дүйнө биринчилигинде Италия финалда Францияны пенальтилер сериясында утуп, ал эми Буффон эң мыкты дарбазачы сыйлыгына да татыган. Жиджи Буффон ошондой эле Италия менен 2012-жылы Европанын вице-чемпиону болууга да жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан