Анталияда кыргызстандык аялды жөө адамдар өтүүчү тилкеден унаа коюп кетти. Бул тууралуу Түркиянын Bismilhaber басылмасы жазып чыкты.
Маалымдалгандай, окуя, 2-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө Кепез аймагында болгон. Анда 30 жаштагы А.Ш. жолдон өтүп бара жатканда унаа сүзүп кеткен.
Окуя болгон жерде "Тез жардам" кызматы иш алып барып, жабырлануучу ооруканада каза болгон.
Айдоочу полиция кызматы тарабынан кармалып, бул факты боюнча тергөө жүрүп жатканы айтылат маалыматта.
Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аталган окуя боюнча маалымат такталып жаткандыгын билдирди. Ошондой эле Анталиядагы консулдук каза болгон аялдын туугандары менен байланышып, жеринде иш алып барып жаткандыгын кабарлашты.
Министрлик окуя боюнча кошумча маалымат берилерин маалымдады.