Сузакта кардарларга сексуалдык кызмат көрсөтүү менен баңгизат колдонууга ыңгайлаштырылган көмүскө жай табылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонуу үчүн көмүскө жайды уюштурган жаран кармалды.
Ага ылайык, ушул жылдын май айынын аягында Сузак РИИБге Сузак районунун аймагында Ош-Бишкек унаа жолунда жайгашкан мейманканалардын биринде кыздар кардарларга сексуалдык кызмат көрсөтүү менен баңгизат жана психотроптук каражаттарды колдонуу үчүн жай уюштурулгандыгы тууралуу кабарланган.
"Аталган маалымат Сузак РИИБде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде “Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү” каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында объективдүү жана ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү максатында Сузак РИИБнин Тергөө кызматы топтолгон материалдарды ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына тапшырган.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ыкчам кызматкерлер тарабынан 1993-жылы туулган жаран "Т" кармалып, ал материалдык пайда алуу максатында сойкулук менен алектенген, баңгизат жана дары-дармек каражаттарын колдонгон жайларды уюштургандыгы аныкталды", - деп жазылат маалыматта.
Учурда кармалган жаран Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.