Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Чаувай айылынын тургуну кайнисин атып өлтүрүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 3-августта Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Маалым болгондой, кечээ саат 18:30 чамасында Чаувай айылынын тургундары 60 жаштагы Б.Б. аттуу жаран 49 жаштагы Т.Ш.ны жана анын уулу 22 жаштагы Т.К.ны белгисиз ок атуучу курал менен аткандыгын милицияга кабарлаган.
Ага ылайык, Чаувай айылынын 49 жаштагы тургуну Т.Ш. денесинен алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгону, ал эми анын уулу 22 жаштагы Т.К. денесинен алган жараатынан улам Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилгендиги маалымдалды.
Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда жездеси менен кайниси жер талашкан. Ал эми ок чыгарган шектүү мас абалда болгону айтылды.
"Ыкчам-издөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү Чаувай айылындагы өзү жашаган үйүнөн кармалып, бир даана беш ок атуучу сайсыз куралы менен тергөө кызматына камсыз болгон.
Маркум Т.Ш.га соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалды. Ал эми кылмышка шектүү Б.Б.га Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.