Чүйдө суу тазалоочу жайда диаметри 300 миллиметрден ашкан мыйзамсыз орнотулган 6 түтүк демонтаждалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Чүйдүн Мраморное жана Озёрное айылдарындагы фермердик чарбалар уруксатсыз талааларды сугаруу үчүн түтүктөрдү орнотуп алышкан.
Ага ылайык, мэрия тазаланган саркынды сууларды ижарачылардын айыл чарба муктаждыктары үчүн пайдаланууга катуу тыюу салынарын билдирди.
"Бишкек суу канал" башкармалыгы тазаланган саркынды сууларды ирригацияга пайдаланууну көзөмөлгө алып, тынымсыз күрөш жүргүзүп келет. Ал эми суу чыгаруучу каналдын периметри боюнча тыюу салынган белгилер орнотулуп, калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мурда орнотулган суу алуучу курулмалар демонтаждалууда", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, "Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын саркынды сууларды чыгаруу кызматынын тазалоочу курулмаларынын лабораториясынын кызматкерлери саркынды сууларды күн сайын анализге алып турушат.