Футбол боюнча Улуттук курама команданын капитаны Валерий Кичин Дүйнө биринчилиги жана Азия Кубогунун тандоо турлары үчүн болгон чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча пикирин билдирди. Кыскача маек бүгүн, 3-августта Кыргыз футбол союзунун расмий баракчасына жарыяланды.
- Сиз "D" тайпасындагы командаларга кандай баа бересиз?
- Күчтүү тайпа. Мыкты жыйынтык көрсөтсө болот. Дегеним тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз бар.
- Тайпадагы эң күчтүү атаандаш ким?
- Оман улуттук курамасы бир аз айырмаланып турат. Бул Азия Кубогуна чейин күчтөрдү теңдеп алууга жакшы мүмкүнчүлүк.
- Тайпадагы төртүнчү атаандаш катары Чыгыш Тимор менен Тайбей курамаларынын кайсынысын тандайт элеңиз?
- Чынын айтсам эч айырмасы жок. Биз курама команданын макамына же дүйнөлүк рейтингдеги ордуна карабастан, бардык каршылаштар менен ойноого даярбыз. Эң негизгиси атаандаштарды таптакыр баалабай койбош керек.
- Күйөрмандарга эмне деп кайрылат элеңиз?
- Күйөрмандарга бир гана нерсени айта алам. Бизди колдоңуздар жана стадионго келиңиздер. Анткени бул жолу мүмкүнчүлүк көбүрөөк. Ар бириңиздердин колдооңуздар маанилүү. Бирге алга!
Эске салсак, тандап алуу оюндары үчүн чүчү кулак кармоо аземи 27-июлда Азия футбол конфедерациясынын Куала-Лумпурдагы штаб-квартирасында болуп өткөн. Анда Кыргызстан Оман жана Малайзия менен бирге "D" тайпасына түшкөн. Аталган тайпага төртүнчү болуп Тайвань жана Чыгыш Тимор беттешиндеги жеңүүчү өлкө келип кошулат.
Улуттук курама команда тандоо турдун алкагындагы алгачкы беттешин 16-ноябрь күнү Малайзияга каршы конокто өткөрөт. Ал эми 21-ноябрь күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда Оман менен ойнойт.
Белгилей кетсек, Кыргызстан 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия Кубогунда 1/8 финалга чейин жетип, тарыхый ийгилик жараткан. Бул жолку мелдеш келерки жылы 12-январдан 10-февралга чейин Катарда өтөт.