Ырчы Асель Кадырбекова жол кырсыктан кийинки тактарын көрсөттү

Ырчы Асель Кадырбекова бүгүн, 3-августта өзүнүн Инстаграм баракчасына жол кырсыктан кийинки тактарын көрсөттү.

"Кырсыктан кийин калган тактар. Башында бетимди, денемди көрүп болгончо көз жашымды төктүм. Бирок убакыт өттү, чачым өстү. Денемдеги көк ала тактар да 1 жыл дегенде тарады, эс-тутумум толук өз калыбына келбесе да, маанилүү учурларды эстедим. Бирок кээ бир нерселерди Жараткан унутуп калбасын деп эстетип туруучу сигнал катары түбөлүккө “так" кылып калтырат сыяктуу! Аялзаты үчүн албетте келбети эң маанилүү нерселердин бири. Бирок негизги нерсе эмес экенин унутпаңыз.

Жер жүзүндө миллиарддаган адамдардын ар биринде ар кандай келбет, кемчиликтер, түрдүү жагдайлар, ар кандай жашоо шарт бар. Айланабыздагы жашоо шарт, биздин физикалык көрүнүшүбүз алдыга умтулуубузга, бийиктиктерди багынтуубузга, өзүбүздү кандай болсок ошондой сүйүүбүзгө таасирин тийгизбеши керек. Шүгүр! Тирүүлүк өзү ырахат. Мисалы, мен үчүн бул тактар күн сайын "ошол убакытты унутпа" дегендей эле көзүмө көрүнөт. Жана ушул тактарды көрүп азыркы күндөрүмө, абалыма, жашоомо ыраазы болуп деп күн сайын шүгүр кылам", - деп бөлүштү ырчы.

Эске салсак, Асель Кадырбекова 2020-жылы 26-июнда Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгына кабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан