Баткендин Таш-Тумшук айылында жолду оңдоп жаткан тажик кызматкерлеринин иши токтотулду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 3-августта Баткен ОИИБнен тастыкташты.
Маалым болгондой, 1-августта саат 12:25 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Таш-Тумшук айылында Тажикстандын Исфара районунун жол оңдоочулары аталган айылдын негизги жолунун чуңкурларын жамоо иштерин жүргүзгөн.
Ага ылайык, Баткен РИИБдин Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тажик жарандары жүргүзүп жаткан жолду оңдоп-түзөө иштерин токтотуу максатында тажик жарандарына эскертүүлөрдү берип, жол оңдоо иштерин токтотушкан.