Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Табылгыты жана Кара-Суу айылдарында ашар жолу менен таза суу түтүктөрү тартылууда. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
"Бул ишке жергиликтүү бюджеттен, эл аралык фонддон жана элдик салымдын негизинде каражат жыйналган", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, аталган долбоор ишке ашса Табылгыты жана Кара-Суу айылдарында жергиликтүү калктын 80 пайызы таза суу менен камсыз болот.