Ысык-Көлдө Баткен өрүгүн саткан жай ачылат 

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында экологиялык жактан таза, кургатылган өрүк жана өрүктөн жасалган натуралдуу азыктарды саткан атайын жай ачылууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалым болгондой, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов жана Чолпон-Ата шаарынын мэри Жапарбек Ормонов менен сүйлөшүп, атайын жай уюштурууну макулдашты.

"Алдыда туристтер үчүн аталган жайда Баткен өрүгүн сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Максаты - Баткен өрүгүн даңазалоо, өрүк өстүргөн багбандарды, өрүктү кайра иштеткен ишкерлерди колдоо, Кыргызстанга келген туристтерге экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларыбызды тартуулоо болуп саналат", - деп жазылат маалыматта.

Ага ылайык, облус башчысы жыл сайын сезон учурунда Ысык-Көлдө Баткен өрүгү сатылган жайды иштетүүнү салтка айлантуу боюнча тийиштүү кызматкерлерге тапшырма берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан