Ош облусунда жасалма акча менен элди алдап жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-июлда Ош ОИИБине Кара-Суу районунун 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Жабырлануучунун айтымында 15-июль күнү Кара-Суу районунун Мады айылындагы май куюучу жайлардын бирине 25-30 жаштардагы белгисиз жаран келип, 2000 сомго күйүүчү май куйган. Бул үчүн ал 100 доллар берип, кайтарым акча катары 6700 сом алган. Ошондой эле дагы бир 100 долларды 8700 сомго алмаштырып кеткен. Тейлөөчү 16-июль күнү отчёт тапшырып жаткан учурда аталган акча каражаттары жасалма экендиги белгилүү болгон.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин (Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын 30 жаштагы Ж.А. аттуу тургуну кармалганы белгилүү болду.
Ошондой эле ага кылмыштуу иште шериктеш болгон ошол эле райондун 35 жаштагы Ж.Т. жана 32 жаштагы Т.Д. аттуу жашоочулары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылды.